Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Ноокендин Массы айылында 6,1 млн сомго бала бакча курулуп жатат

Turmush -  Ноокен районунун борбору Массы айылындагы 170 орундуу «Ак бешик» балдар бакчасына дагы 170 балага ылайыктуу кошумча имарат курулууда. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Нурийла Бекжигитова кабарлады.

Анын айтымында, кошумча имаратка Швейцариянын «Хельветас» уюмунан 4 миллион сом, Массы айыл өкмөтүнүн эсебинен 2 миллион 132 миң сом каражат бөлүнгөн.

«Учурда бакчада наристелердин 6 тайпасы бар. Жаңы имарат толук бүткөндө дагы 6 тайпа ачылат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1305
Көп окулду
×