Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Ноокендин тургуну министр Н.Мурашев аны уруп салганын айтып милицияга кайрылды (толукталды)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагынын Эргеш Алиев атындагы орто мектепте жайгашкан №2188 шайлоо участкасына жакын жерде айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев  жергиликтүү тургунду уруп салган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар кабарлады.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Нурбек Мурашев менен жергиликтүү тургундун ортосунда шайлоо участкасынан алыс жерде пикир келишпестик орун алгандыгын, министрдин үстүнөн жергиликтүү тургун Ноокен РИИБге арыз менен кайрылгандыгын ырастады.

«Сакалды айыл аймагынын тургуну Кыдыр Мадсаков аттуу жаран арыз менен кайрылган. Бул окуя боюнча териштирүү иши жүрүп жатат», - деп билдиришти ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Кийинчерээк Ноокен районунун Сакалды айылынын тургундары Орозбаев Акматжан, Мырзакулов Мырзабек, Эрмеков Мадан, Осмонов Абдрашит айыл чарба жана мелиорация министри Н.Мурашев Кадыр аттуу жергиликтүү тургунду сабады деген маалыматты четке кагып, бул чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти.

Алардын айтымында, жаңжал Кадыр менен министрдин айылдашы ортосунда чыккан жана жаңжал шайлоо процессине тийиштүү эмес себептерден улам жаралган.

«Кадыр мас абалында болгон жана өзүнүн тааныштары ортосунда жаңжалды күчөтүп жиберген. Министр Нурбек Мурашев ал жерде болгон эмес. Айылдаштар ортосунда жаңжал айылдын башка жеринде болгон. Мындай маалымат президенттикке талапкерлердин биринин пайдасы үчүн таратууга багытталган. Мындай жол менен Ө.Бабановдун тарапташтары министрликтин жетекчисин каралоону каалап жатышат. Биз Сакалды айылынын тургундары коомчулукту мындай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз», - деп айтылат тургундардын билдирүүлөрүндө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

14.02.2014Ж.Тургунбаев «мени мас абалында урду» деп жалган маалымат берди, - депутат Н.Мурашев
15.02.2014Депутат Н.Мурашевдин тууганы Бишкектеги ооруканадан каза болду
17.02.2014Депутат Н.Мурашевдин ооруканадан каза болгон тууганынын өлүмүнүн себебин иликтөө боюнча комиссия түзүлдү
27.02.2014Депутат Н.Мурашев врачты сабады деген факты боюнча ага карата козголгон кылмыш иши акыйкатсыз, деп эсептейт
14.02.2014Улуттук госпиталдын ыкчам неврология бөлүмүнүн башчысы ЖК депутатын айыптоодо
14.02.2014Улуттук госпиталдын бөлүм башчысын сабады деп күнөөлөнүп жаткан «Республиканын» депутаты окуя жөнүндө маалымат берди
26.02.2014ЖК депутаты Н.Мурашевге жана анын тууганы Н.Мамбеталиевге карата врачты сабады деген факты боюнча кылмыш ишин козголду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2807
Көп окулду
×