Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ноокендик С.Бегматов 14 кг салмактагы толстолоб балыктарын өстүрүп сатат (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Кызыл-Кыргызстан айылынын тургуну Салыжан Бегматов акыркы 7 жылдан бери балык өстүрүп, кошумча киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

С.Бегматовдун айтымында, анда 2010-жылы балык чарба уюштуруу идеясы пайда болгон.

«Короодо турган шагылды ташыгандан ийин анын орду чуңкур болуп калганда көлмө жасасамбы деген ой келди. Өзүм балык өстүрүүгө кызыгып жүргөн элем. Ошол жылдары көлмө жасап, бирок балыктын уруктарын алып келүү көйгөйү жаралып, көлмө балыгы жок эле туруп калды. 2016-жылы Алтынбек Бекжанов коңшу айылда балык өстүрүп, көлмө жасаптыр деп угуп, андан кеңеш алганы бардым. Анын жардамы менен көлмөгө дагы жан кирип, уруктарды алып келип, балык өстүрө баштадым. Азыр толстолоб балыгын өстүрүп жатам. 1 кг балыкты 100 сомдон саттым. 1 балык 14 кг чыгат. Бир жылда 1-2 жолу сатабыз. Ал эми быйыл 400 кг саттым. Кышкысын балыктар укташат. Муздун ар жеринен тешип коем», - дейт С.Бегматов.

Ал белгилегендей, анын коңшусу да 3 жыл мурда көлмөгө уруктарды коё берген.

«Учурда 70-80 балык калды. Мындан тышкары, көлмөдө ак амур, карп, толстолоб балыктарын багам. Моллюскалар сууну биологиялык жол менен тазалайт. Алар биофильтрлөөчү жандыктар болуп, көлмөнү ар кандай органикалык булгануулардан сактайт. Андан сырткары алар өздөрүнүн денелерине оор металлдарды сиңирип топтоп, көлмөнүн химиялык жактан булгануусун алдын алат», - деп кошумчалады С.Бегматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1530
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×