Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Жалал-Абад

Ноокенде жатаканасы менен 170 орундуу мектеп ачылды (фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагынын Масы айылында жатаканасы менен 170 орундуу мектеп ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мектептин ачылыш аземине өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Маалым болгондой, мектептин курулушуна жалпы 35 млн сом жумшалган. Ал эми айыл өкмөт жумушчуларга тамак-аш жасап берген. Буга чейин Масы, Кызыл-Кыштак айылдарындагы балдар 7-8 чакырым алыстыктагы мектептерге барып окушчу. Мектептин курулушу менен эми бул көйгөй чечилди. Андан сырткары, жаңы мектепте социалдык жактан коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жатып окушат.

Учурда бул мектепти айыл өкмөттүн балансына өткөрүү, штат бирдигин чечүү аракети көрүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 934
×