Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде эрте никеге турууга каршы жөө жүрүш өттү (фото)

Turmush -  Ноокен районунда «Жаштар өзүн-өзү өлтүрүүгө жана кылмыштуулукка, эрте никеге турууга каршыбыз» урааны менен жөө жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жөө жүрүшкө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө адиси, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, райондун имамы, РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы, мектеп окуучулары, мугалимдер катышты.

Жөө жүрүштөн соң Масы айыл өкмөтүнө караштуу №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинде жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар кандай видеороликтер, слайддар көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана Студенттер күнүнө карата жарыяланган жумалыктын алкагында «Бүгүнкү абийирдүү студент — эртеңки мыкты адис» темасындагы дил баян сынагы Кочкор-Ата шаарындагы колледждин студенттери арасында өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында 3-курстун студенти Тултеева Наристе биринчи орунду ээледи. 2-орунду 2-курстун студенти Кумарбек кызы Гулжан алса, 3-орунга 1-курстун студенти Бактыбек уулу Тилек татыктуу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 739
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×