Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Ноокенде заманбап спорт зал ачылды (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүндө заманбап спорт зал ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, спорт зал Өскөнбай Кайыпов атындагы №24 мектепте ачылды. Аталган мектепте 30 жылдан бери дене тарбия сабагын өтүүдө кыйынчылык жаралып келген. 

Ачылышка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектеп жамааты жана тургундар катышты.

АРИС жана Бүргөндү айыл өкмөтү ортосунда макулдашууга кол коюлуп, курулушка 9 млн сом сарпталган. Анын 1 миллион сому жергиликтүү бюджеттен, калганы АРИСтен бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1281
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×