Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 23.11.2017 09:43

Ноокенде 4 миңдей калкы бар Чоң-Багыш айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Чоң-Багыш айылынын калкы ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

4 миңге жакын калк жашаган айылды таза суу менен камсыздоону Швейцария мамлекетинин каржылоосундагы «Helvetas» уюмунун Өнүктүрүү саясат институтунун аткаруусундагы «Жергиликтүү деңгээлде кызмат дараметин көтөрүү» долбоору ишке ашырды.

Элеттиктердин таза суу муктаждыгын чечүү үчүн жогоруда аталган эл аралык уюм тарабынан 3 миллион 800 миң сом бөлүнсө, Сакалды айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 454 миң сомду түзгөн. Мындай каржылоонун натыйжасында Чоң-Багыш айылына 3 чакырым жаңы түтүктөрү тартылып, 400 даана суу эсептегич орнотулган. Андан сырткары, башкы суу станциясы оңдолуп, скважинага бактерициддик лампа орнотулду. Натыйжада 400дөн ашуун кожолук, 1 орто мектеп, бир бала бакча жана 1 ФАП үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздалган.

Маалым болгондой, кечээ, 22-ноябрда Башкы суу тосмо станциясынын ачылыш аземи өтүп, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульман, ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, эл өкүлү Айнура Осмонова, район акими баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Башкы суу тосмо станцияга 100 тонна суу батат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×