Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Акыркы суткада өлкө аймагында 19 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүм жиберилди, деп билдирди бүгүн, 27-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Ноокен районунун Масы айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен аянты 80 чарчы метр үч бөлмөсү, чатыры, 10 даана жууркан-төшөк, 15 даана жаздык, килемдер, эмеректер жана сыналгы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле, отко этиятсыздык мамиле кылуудан улам Оштогу Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында турак үйдөн өрт чыкты. Өрт учурунда 75 чарчы метр чатыры жана шыбы, килемдер, эмерек, 20 даана жууркан жана сыналгы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1041
Көп окулду
×