Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.11.2017 18:31

Жалал-Абадда 17 жаштагы Гүлзара изделип жатат

Turmush -  Жалал-Абад облусунда дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Гүлзара Курманали кызы изделип жатат.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына карганда, ал 23-октябрь күнү саат 08:00дөр чамасында Ноокен районунун Масы айылынын Сай-Маала тилкесиндеги үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Ал өзүнүн жакындарына кеч келерин айтып кеткен.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, кашы кара, көзү көк, чачы сары түстө, узун.

Кийген кийимдери: кара-боз жемпир, башыда ак түстөгү узун шарф, кара түстөгү шым жана бут кийим. Жанында сары түстөгү сумка болгон.

Гүлзара Курманали кызынын жүргөн жерин билгендер (03734) 5-05-44, 0777 02-10-69, 0701 01-06-15 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×