Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Ноокенде «Манас» эпосунун күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Масы айылында «Манас» эпосунун күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү, Кочкор-Ата шаарынын өнөрпоздору, манасчылар жана маданияттын кызматкерлери катышты. Анда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана «Манас» эпосунун томдору көргөзмөгө коюлду.

Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында, манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада «Манас» эпосунан үзүндү айткан катышуучулар 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланып, калган катышуучуларга белектер тапшырылды.

Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чаранын башкы максаты «Манас» эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо болуп эсептелинет.

Белгилей кетсек, 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1009
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×