Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Ноокендик пенсионер премьер-министрге кайрылды

Turmush -  Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнүн тургуну Өзгөнбек Молдобеков премьер-министр Сапар Исаковго кайрылды.

Карыянын билдиришинче, ал жашаган Момбеков айыл аймагынын элине 10-декабрдан бери жаратылыш газы берилбей жатат.

«Жаратылыш газынын өчүрүлгөнүнө байланыштуу айылда жашаган пенсионерлер менен жаш балдар кыйналып жатышат. Жаратылыш газы качан берилери да белгисиз», - деп жазат Өзгөнбек Молдобеков.

Ал өкмөт башчыдан Момбеков айылынын жашоочуларын жаратылыш газы менен камсыз кылууну тиешелүү тармактардын жетекчилерине тапшырууну өтүндү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1062
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×