Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Ноокендик Т.Арапов дыйканчылык менен алектенип, балдарын ЖОЖдон окутту (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Масы айылынын тургуну Талыбжан Арапов дыйканчылык менен киреше таап келет. Аймактык кабарчы элеттик дыйкандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча ширетүүчү болсо, жубайы Дилдора тигүүчү.

«Быйыл буудайдын түшүмүн жыйнап алгандан кийин 1 гектар жерге түрптүн маргелан сортун айдап, андан 90 тонна түшүм алдым. Ал эми 50 сотых жерге өстүргөн сабизден 8 тонна түшүм алып, учурда базарларга 10 сомдон өткөрүп жатам», - дейт Т.Арапов.

Жубайлар 1 уул, 3 кызды тарбиялап өстүрүп, дыйканчылыктан тапкан кирешесине аларды жогорку окуу жайлардан окутуп жатышат. Быйыл кенже кызын турмушка берип, той өткөргөн. Алардын 7 небереси бар.

«Мындан сырткары, 15 метр сарай салып, 8 баш козу алып, бордоп багып жатам. Ошондой эле, үй шартында лимон өстүрүп, өзүбүз пайдаланып келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 589
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×