Turmush - Ноокен районунда Улуттук адабият күнүнө жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 89 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.
Райондун жалпы билим берүү мекемелеринде, Ч.Айтматов атындагы райондук китепканада, айылдык китепканаларда дубал гезиттер, баннерлер, жазуучунун өмүр таржымалы жана чыгармалары чагылдырылган баракчалар чыгарылды. Ошондой эле, көргөзмөлөр жана окуучулар арасында талкуулар уюштурулду.