Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Өзбекстандан пахтанын көп түшүм берүүчү сапаттуу үрөнүн алуу макулдашылууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 19-декабрда Ош мэриясынын жыйындар залында экспортко багытталган пахта буласынын өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйүү максатында республикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, конференцияга 120 адам катышты. Бул жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.Чодуев конференцияны ачып, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Сарыбашев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Ал эми Ж.Жумалиев республиканын дыйкан-фермерлерин пахтанын сапаттуу сертификацияланган үрөнү менен камсыздоо боюнча маалымат берди. Өзбекстандан келген «Узагротехмаш» компаниясынын мүдүрүнүн орун басары С.Сайдаминов заманбап айыл чарба техникасы жөнүндө айтты.

Ал эми ВАПРО долбоору жана долбоор тарабынан 2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча долбоордун менеджери И.Арапов презентация жасап, суроо-жооптор менен талкуу жүрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө республика боюнча 67 миң тонна пахта жыйналгандыгы маалым болуп, Өзбекстандан пахтанын көп түшүм берүүчү сапаттуу үрөндөрүн алуу макулдашылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1319
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×