Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.12.2017 15:54

Видео — Ноокенде 4 унаа кагышып, үчөө талкаланды

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрда Ноокен районунун Кызыл-Туу айылында 4 унаа кагышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 13:00 чамасында катталды. «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү 2 унаа Бишкектен Ошко саатына 140 км ылдамдык менен келе жатышкан. Калган эки унаа жолдон кайрылуу учурунда кырсык болгон. Анын кесепетинен 3 унаанын тең алдыңкы тетиктери талкаланды. Окуядан эч ким жабыркаган жок. Учурда Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү келип, кырсыктын чоо-жайын тактап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×