Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 28.12.2017 15:38

Ноокенге 5 айыл чарба техникасы тапшырылды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда жайыт пайдалануучулар бирикмелерин колдоо максатында 5 айыл чарба техникасы тапшырылды. Маалым болгондой, экскватор, бульдозер, автогрейдер, «Беларусь-80» үлгүсүндөгү тракторлордун ачкычын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды.

Айыл чарба техникалары «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында келген. Бул техникалар Арал, Шайдан, Ноокен, Сакалды, Момбеков айыл өкмөттөрүнүн жайыт комитеттерине берилди. Алдыда Масы, Бүргөндү, Достук айыл өкмөттөрүнө да берүү пландалган.

Техникаларды тапшыруу аземинде өкмөттүн өкүлү февраль айынын аягына чейин облуска жалпы 56 техника алынып келе турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×