Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Ноокенде 130 балага акимдин белеги тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 29-декабрда Ноокен районунда акимдин жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамга райондун аймагында билим алган 26 миң окуучунун ичинен 130 окуучу чыкырылган. Ага райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдөн жана Кочкор-Ата шаарынан келген окуучулар катышты.

Ошондой эле, райондун аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин окуучулары жана Масы, Кочкор-Ата музыкалык мектептеринин окуучулары катышты.

Майрамда балдарга концерттик программа жана театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, Масы жана Кочкор-Ата музыкалык мектептеринин таланттуу жаштары ыр-бий тартуулашты.

Ноокен районунун акими Э.Маматаев тарабынан 40 миң сомго балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1437
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×