Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Жалал-Абад

Ноокенде жакыр үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Turmush -  Ноокен районундагы эң жакыр деп эсептелген үй-бүлөлөргө кайрымдуулук фонд тарабынан көмүр таратылды. Бул тууралуу акимдин орун басары Нурийла Бекжигитова кабарлады.

Анын билдиргенине караганда, көмүр тапшыруу ишине райондун акими Эркинбек Маматаев да катышты.

Кайрымдуулук фонд тарабынан райондун ар башка кыштактарында жашаган 78 үй-бүлөгө 25 тонна көмүр 320 килограммдан бөлүнүп берилди.

Ноокен районунда жакырлардын саны былтыр 2,4%га кыскарган болчу. Акыркы көрсөткүч боюнча жакырлардын деңгээли райондо 12,3%га барабар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 558
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×