Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Ноокенде электрикпиз деген эки адам 1 миллион сомго жакын акча сакталган сейфти алып кетишти

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагындагы үйлөрдүн биринен электр тармактар ишканасынан келгендигин айткан эки жаран миллион сомго жакын акча сакталган сейфти жана алтын буюмдарды алып кетишти. Бул окуяны Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, эки жаран электр тармактар ишканасынан келгендигин айтышып, «үйдөгү эсептегичти карап алалы» деп үйгө киришкен. Ушул жылдын 19-январында күндүзгү саат 12:00 чамасында үйдөгү 20 жаштагы келин М.А.ны алдап, дарбазасын ачтырган уурулар кирээр замат келиндин оозун жаап, үйүнө алып киришкен.

Үйдө тапанча менен коркутушуп, колундагы шакегин, сөйкөсү чечтирип алышкан. Ошондой эле, үйдө болгон акчаларды алып чыгууну талап кылышкан. Үйлөрдү чачып, акча издешип, акча сакталып турган сейфти табары менен аны алып чыгып кетишкен. Келиндин колу-бутун байлап, оозун скотчтоп салышкан.

Үй ээлеринин айтымында, анда сакталган акчаларды жана баалуу зер буюмдарды эсептегенде 1 миллион сомго жетет. Тилекке каршы, келин ууруларды тааный алган эмес. Анткени алар дарбазадан кирери менен бет кап кийип, аны коркутууга алышкан. Үй ээлери милицияга кабар беришип, келин окуянын чоо-жайын айтып берген.

«Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат. Кылмышка шектүүлөрдүн болжолдуу сүрөттөрү түзүлүп, багыттамалар берилди», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2347
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×