Бөлүмдөр
Шейшемби, 14-август
Жалал-Абад

Ноокенде 1 млн сомго жакын акча сакталган сейфти алып кетишкен 2 «электрик» Бишкектен кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өздөрүн электрик деп тааныштырып, үйлөрдүн биринен 1 миллион сомго жакын акча сакталган сейфти алып кетишкен эки адам Бишкек шаарында кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 19-январында саат 12:00 чамасында Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы үйлөрдүн биринин дарбазасын 20-25 жаштардагы эки жаран такылдатышкан. Үйдө жашаган 22 жаштагы А.М. аттуу келин эшикти ачканда, «биз электр кызматкерибиз» деп үйдүн короосуна киришип, бири жабырлануучунун оозун колу менен жаап, буту-колун байлашкан. Андан соң тапанча менен коркутуп, үйдүн кире беришиндеги бөлмөгө алып кирип, андагы алтын буюмдарын чечип алышкан. Ошондой эле, акча талап кылышып, үйдүн бөлмөлөрүн чачып, акча издешкен. Уктоочу бөлмөдө турган темир кутуну тапкан соң аны унаага салып, издерин жашырып качып кетишкен.

Темир сейфтин ичинде үй ээсинин документтери, баалуу алтын жасалгалары, акчалары болгон. Жабырлануучуга келтирилген чыгымдын суммасы болжол менен 1 000 000 сомду түзгөн. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги менен Ноокен РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, тийиштүү экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө тобу түзүлгөн болчу. Эки күн өткөн соң Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылына кетүүчү Бишкек—Ош унаа жолунун четиндеги талаадан жабырлануучунун темир кутусу бузулуп ачылган абалда табылган.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам-тергөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарында убактылуу жашаган Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган Э. уулу М. жана мурда адам өлтүрүү беренеси менен соттолгон Ноокен районунун 1989-жылы туулган О.М. аттуу тургундары кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишин жасашкандыгы толугу менен далилденип, экөө тең Бишкек шаарынан кармалган. Экөө тең эч жакта иштебейт.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү каракталып алынган акча каражатына жеңил автоунаа сатып алышкандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн автоунаа далил буюм катары алынды. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка кылмышкерлерди кармоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ал эми кармалган жарандар башка дагы ушул сыяктуу кылмыш иштерге тиешесин тактоо иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1248
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×