Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 02.02.2018 12:32

Ноокенде жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп өлтүргөн айдоочу 8 айдан бери табыла элек

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун Ноокен районундагы 504-чакырымында мындан 8 ай мурун болгон жол кырсыктын бети ачыла элек. Адам өлүмү менен коштолгон кырсык боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иш козголуп, бирок жоопкерчилик тарткан адам жок.

Окуя 2017-жылдын 4-июнуна караган түнү саат 00:30 чамасында Бүргөндү айыл аймагындагы Кыпчак-Талаа айылынын аймагында болгон. Анын кесепетинен көз жумган маркум Оштогу Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн 1977-жылы туулган тургуну Авазов Сүйүн Маннапович экени аныкталган. Ошондон бери айдоочуну издөө иштери жүрүп жатканын Ноокен РИИБ тастыктады.

Бул кырсыкка күбө болгондор Ноокен РИИБге же туугандарына (0551) 02 87 87 номуру аркылуу байланышса болот.

Маркум Авазов Сүйүн

суйун авазов
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×