Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 09.05.2018 16:51

Ноокенде 500дөй адам «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышты (фото)

Turmush -  Ноокен районунун борборунда жана айылдарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленди. Бул туралуу райондук администрациядан билдиришти.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Э.С.Маматаев, анын орун басарлары, райондун аймагындагы айыл өкмөт башчылары, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун тургундары, айыл өкмөттөрдөн келген аксакалдар катышты.

Райондун аймагында согуштун 6 катышуучусу, ооруктун 5 эмгекчиси бар. Ошондой эле согуштун катышуучуларынын жесирлерине өкүлчүлүктүн, акимиаттын атынан белектер тапшырылды.

Мындан тышкары «Өлбөс полк» акциясы уюштурулуп, ага 500гө жакын адам катышты. Ошондой эле эстеликтин алдында митинг-реквием болуп, өчпөс отко гүл коюлду жана залп атылып, куран окулду. Андан кийин борбордук аянтта концерттик программа коюлду.

Иш-чаранын алкагында 200гө жакын аксакалга сый тамак тартууланып, жер-жерлерже волейбол, футбол, күрөш боюнча мелдештер уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×