Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 21.05.2018 09:50 Жаңыланды: 21.05.2018 14:30 На русском

Ноокенде сууга аккан жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, уулу куткарылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 20-майда Ноокен айыл өкмөтүнүн Ак-Жийде айылында «Матиз» үлгүсүндөгү унаа сууга агып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 04:09да Биринчи-Сай сайында болгон. «Матиз» үлгүсүндөгү унаа сууга агып кетип, анын кесепетинен 1965-жылы туулган айдоочу М.Э. көз жумду. Ал эми 1998-жылы туулган Р.М. аттуу жүргүнчүнү жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, унаада 1965-жылы туулган М.Э жана 1998-жылы туулган баласы М.Р. болгон. Тыгылып калган унааны чыгаруу үчүн баласы досторун чакырган. Достору менен унааны чыгарууга аракет кылып жатышканда сайдан сел келип, унааны 300-400 метрге чейин агызып кеткен. Алар унааны сайдан чыгара албай, кайра атасы турган жерге келишип, аны таппай калышкандыктан туугандарын жардамга чакырышкан.

Издөө иштеринен жыйынтык чыкпагандыгына байланыштуу 20-майда саат 03:45те Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кабар беришкен. Бул маалымат боюнча Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 20-майда саат 04:05те Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө билдиришти.

Бул факт кокустук катары милициянын кылмыш каттоо китепчесине катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×