Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 25.05.2018 13:00

Ноокен районунда 500 кожолукка 26 жылдан кийин газ берилди

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон, Коммунизм айылдарындагы 500дөн ашуун кожолукка жаратылыш газы бериле баштады. Бул тууралуу газ сатуу бөлүмүнүн жетекчиси К.Амадалиев билдирди.

Анын айтымында, бул айылдарга жаратылыш газын берүү маселеси 26 жыл бою каралбай жана газ берилбей келген. Аталган айыл-кыштактардын жашоочуларынын кайрылуусу эми колдоо тапты.

«Калкты газ менен тейлөө үчүн түзүлгөн жети долбоордун алтоосу ийгиликтүү ишке ашты жана жыл аягына чейин жетинчи долбоорду да бүтүрүү аракеттери көрүлүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×