Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 04.06.2018 09:39

Кыргызстан айылында 28 млн сомго курулган бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылында 110 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери А.Камбаров, Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы Эркинбек Маматаев жана акимдин орун басарлары, айыл өкмөт башчылары, айылдын тургундары катышты.

Маалым болгондой, жаңы бала бакчанын курулушуна жана инвентарларына жалпы 28 миллион сом жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×