Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 04.06.2018 13:23

Кочкор-Атада 51 жаштагы аялдын үйүнөн нан бышыруучу мешке катылган баңгизат табылды (фото)

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында баңгизат сатуу менен алектенген 51 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, оперативдүү маалыматтардын негизинде ОИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери баңгизат менен кармалган аялдын үйүн калыстардын катышуусунда тинтүүгө алышкан.

«Кочкор-Ата шаарынын 51 жаштагы тургуну Ю.М., аттуу аялдын үйүн тинтүү учурунда нан бышыруучу мештин ичинен атайын оролгон 0,5 килограмм салмактагы гашиш баңгизаты табылды. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пункту менен кылмыш иши козголду.

Учурда аял камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган аял буга чейин да баңгизатка байланыштуу 3 жолу сот жообуна тартылган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×