Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.06.2018 11:35

Ноокенде издөөдө жүргөн 2 жаран кармалып, эки курал алынды

Turmush -  Ноокен районунда 13-14-июнь күндөрү «Крутой» аттуу иш-чара өткөрүлүп, анын алкагында 1 уурулук фактысынын бети ачылды жана эч кандай документтери жок 2 сайлуу курал алынып, издөөдө жүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чара РИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан район аймагында бети ачылбай калган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын, уюшулган кылмыштуу топторго байланышкан кылмыштардын бетин ачуу, алдын алуу, бөгөт коюу, эл арасында мыйзамсыз сакталып жүргөн сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды алуу, ачыла элек кылмыштардын бетин ачуу максатында жүргүзүлдү.

«Жыйынтыгында, ыкчам маалыматтын негизинде Ноокен районунун Шайдан айыл округундагы Тотонбай участкасында ак түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Анда Ноокен районунун Масы айылынын Сай-Маала участкасынын 1981-жылы туулган тургуну К.М.дан эч кандай документи жок 1957-жылы чыгарылган К-32 сайлуу учу кесилген ок атуучу курал калыстардын катышуусунда алынган. Андан сырткары Шайдан айыл округунун Тотонбай участкасынын 1985-жылы туулган М.С. аттуу тургунунан калыстардын катышуусунда 1959-жылы чыгарылган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал алынган.

Ошондой эле, рейд учурунда район аймагына посттор коюлуп, анын натыйжасында уурулук фактылары боюнча уурулук жасап, издөөдө жүргөн эки жаран кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×