Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 25.06.2018 17:04

Ноокенде К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын ага инспектору, милициянын лейтенанты Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, Ноокен районунун 1986-жылы туулган тургуну А.С. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 21-июнда саат 16:30 чамасында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагына караштуу Шайдан айылында бейтааныш эки-үч адам себепсиз уруп, тепкилешип, ден соолугуна зыян келтиришкенин айтты.

Жабырлануучу Ноокен райондук ооруканага жаткырылып, дарыгерлер тарабынан операция жасалды. Анын бооруна өтө оор жараат келтирилгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну, ИИМде мыйзамдагы ууру К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1988-жылы туулган Т.Э. шектүү катары кармалды. Ал Ноокен РИИБдин КРнын Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде убактылуу жайга камакка киргизилип, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.

Азыркы күндө Э.Т.нын кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×