Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 28.06.2018 09:51 Жаңыланды: 28.06.2018 11:17 На русском

Ноокенде атасын тойго ээрчип барган 5 жаштагы кыз сууга агып кетти

Turmush -  Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында каналдагы сууга 5 жаштагы кыз агып кетти. Окуя кечээ, 27-июнда саат 15:30 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы туулган А.Н. аталган айылдагы тойго атасын ээрчип барган. Ал Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга түшүп кеткен. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, сууга агып каза болгон 5 жаштагы кыздын денесин жергиликтүүлөр 1 метр аралыктан кийин табышты.

Ойноп жүрүп сууга түшүп кеткен кызды издөө үчүн каналдагы суу да токтотулган. Издөө иштери ӨКМдин №55 куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тарабынан дагы жүргүзүлүп, бирок оң жыйынтык чыккан эмес.

Буга чейин ӨКМ Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылындагы көлмөгө бир адам чөгүп кетти деген маалымат түшкөнүн билдирген. Кечээ, саат 15:35те издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу чыгып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×