Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 13.07.2018 17:13

Ноокендин Кызыл-Кыштак айылында жайлоо бала бакчасы ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 13-июлда Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кыштак айылында 25 орундуу жайлоо бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге акимиаттын, айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Жайлоо бала бакчасы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын, Масы айыл өкмөтүнүн, айыл тургундарынын демилгеси менен айылдык аялдар кеңешинин төрайымы Шамшиева Жыргалдын колдоосу менен ачылды.

Айыл өкмөт жана демөөрчүлөр тарабынан тарбиячынын эмгек акысы жана балдарга керектүү жабдыктар камсыз кылынды. Айылда жалпысынан 72 кожолук жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×