Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 17.07.2018 17:03

Ноокенде 46 жаштагы Айчүрөк Бабашова изделүүдө (фото)

Turmush -  Ноокен районунда 46 жаштагы Айчүрөк Бабашова дайынсыз болууда. Бул тууралуу РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын 1972-жылы туулган тургуну Айчүрөк Бабашова 20-июнда саат 06:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, өңү ак жүздүү, чачы кара узун. Психикалык жактан оорукчан, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү юбка, кара түстөгү бут кийим.

Милиция жарандардан Айчүрөк Бабашова тууралуу маалыматтар болсо 0777 44 31 11, 0558 20 21 42 номурлары аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×