Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.07.2018 14:02

Ноокенде бош жумуш орундардын жармаңкеси өттү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 27-июлда Ноокен районунун борборундагы сейил бакта бош жумуш орундардын жармаңкеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жармаңке райондук мамлекеттик администрациянын жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган. Ага айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын кызматкерлери жана 200гө жакын жумушсуз адам катышты. Жармаңкенин жүрүшүндө №68 жана №77 кесиптик лицейдин мугалимдери өздөрү жасаган продукцияны тааныштырышты.

Учурда Ноокен району боюнча 800 жумушсуз адам бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×