Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 30.07.2018 16:37

Жалал-Абадда аз камсыз үй-бүлөлөргө хай-лайн породасындагы тооктор берилди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Ала-Бука райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жумуртка багытындагы 1720 баш хай-лайн породасындагы кызыл тооктор берилди. Бул туралуу Жалал-Абад консультациялык кызматынан Мирлан Мурзакулов билдирди.

Анын айтымында, аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо, жакырчылыкты азайтуу максатында «Туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өндүрүү системасын колдоо» долбоору тарабынан көмөк көрсөтүлдү.

«Долбоор боюнча фермерлерге тоокту багуу, кароо, дарылоо боюнча окууларды өткөрүп жатабыз. Буга чейин кичи грант катары Ноокен районунун тургуну Майрамбек Осмоновго жөжө чыгаруучу аппарат берилген. Быйыл жумуртка жана эт багытындагы тооктун породаларын чыгарып, айылдагы фермерлерди камсыздап жатат», - деди М.Мурзакулов.

Өткөн жылы Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы тарабынан 10 миңге жакын жумуртка багытындагы тооктор таратылып, бүгүнкү күндө ал фермерлер базарга чыгып, киреше табууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×