Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 01.08.2018 13:39

Ноокендин Шайдан айыл өкмөтүндө 9 млн сомдук спорт залдын курулушу башталды (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Шамшидин Сүйөркулов атындагы №35 орто мектебинде спорт залдын курулушу башталды.

Курулушка капсула салуу иш-чарасына райондун акими Э.С.Маматаев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.М.Алыкулов, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары жана мектеп жетекчилиги катышты.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында курулуп жаткан спорт залдын жалпы сметалык баасы 9 млн сомду түзөт. Ал районду өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Жергиликтүү калктын салымы 550 миң сомду түзгөн. Курулушту «Рамзан» компаниясы жүргүзүп, учурда пайдубалы бүтүү алдында турат.

Ушундай эле спорт зал Шайдан айыл аймагындагы Б.Дамашев атындагы №30 орто мектебинде да курулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×