Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 06.08.2018 13:53

Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпионатында 1-орунду ээлеген И.Махамадалиевди кичи мекенинде тосуп алышты (фото)

Turmush -  Эрежесиз эр уруш боюнча Азия чемпионатында 1-орунду багындырган спортчу Исабек Махамадалиевди Ноокен районунун кире беришинен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жакындары тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, чемпионат Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 28-29-июль күндөрү өткөн. Ага Иран, Азербайжан, Армения, Казакстан, Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген спортчулар катышкан. Ал эми Кыргызстандан жалгыз Исабек Махамадалиев катышып, ал 77 килограмм салмакта атаандашы менен күч сынашты. Жеңиш менен кайткан спортчуну тосуп алууга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тугандары келишип, жаш спортчуну ийгили менен куттукташты.

Исабек Махамадалиев буга чейинда Азия чемпиондугуна катышып, кубок жана сыйлыктарды багындырган. Эми ал 2 айдан кийин Кытайда өтө турган эрежесиз эр уруш боюнча мелдешке катышууга жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×