Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 07.08.2018 19:14 На русском

Сүрөт — Кыздар башкарып жүргөн унаа Ноокендеги каналга кулап кетти

Turmush -  Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Шайдан-Сай каналынын суусуна жеңил унаа түшүп кетти. «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаа сууга бүгүн, 7-августта саат 18:30 чамасында көпүрөдөн өтүп бара жатканда кулаган.

Жол кырсыктын күбөлөрү аймактык кабарчыга билдирген маалымат боюнча, унааны жаш кыз башкарып бара жаткан. Айдоочу орто жолдон башкаруусун жоготкон деп болжолдонуп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча адамдар оор жаракат алышкан жок. Жабыркагандарды Ноокен райондук ооруканасынын тез жардам кызматынын дарыгерлери алып кетишкен.

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери, дарыгерлер жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×