Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 14.08.2018 12:11 Жаңыланды: 14.08.2018 13:59 На русском

Ноокенде 2 ай мурун жоголгон Айчүрөк табылды

Turmush -  2 айга жакын убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Б.Айчүрөк табылды, деп билдирди Ноокат РИИБдин өкүлдөрү. Ал Жалал-Абад ОИИБдин жарыясын көргөн Бишкек шаарынын тургуну аркылуу табылган.

Ноокен районунун 46 жаштагы тургуну Б.Айчүрөк 2018-жылдын 20-июнунда саат 06:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп жатканы маалымдалган болчу.

«Маалыматты бөлүшүп, табууга жардам көрсөткөн атуулдарга жакын туугандары жана Ноокен райондук ички иштер бөлүмү терең ыраазычылык билдирет», - деп айтылат РИИБдин билдирүүсүндө.

Кийинчерээк Turmush басылмасына Б.Айчүрөк кантип табылганы белгилүү болду. Ал бейтааныш адамдардын жардамы менен алардын үйүндө жашап, тамактанып жүргөн. Анын изделип жатканы тууралуу жарыяны окуп, тартип сакчыларга кабарлаган Бишкек шаарынын тургуну Динаранын айтымында, Б.Айчүрөктү ага чейин 3-4 ирет көргөн.

«Ал талаага чыгып, эл катары клубника терип жүргөн. Эмгек акысын эл катары алчу. Ага боору ооруган эже үйүндө багып жүргөн. Ал да туугандарын табууга жардам бергиле деп айткан эле. Көп узабай жарыялар аркылуу бизге издөөдө экени белгилүү болду. Жарыядагы жазылган телефон номурга дароо байланышып, талаада иштеп жүргөнүн айтып бердим, алар алып кетишти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×