Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 15.08.2018 13:09

Фото — Ноокенде С.Жээнбековдун катышуусунда Шамалды-Сай чек ара заставасы ачылды

Turmush -  Бүгүн, 15-августта Ноокен районуна караштуу Достук айылында Шамалды-Сай чек ара заставасы ачылды.

Ачылыш аземге өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Башкы штабдын башчысы Раимберди Дүйшөмбиев, өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда өлкө башчысы Ата Мекенди коргоодо чек арачылардын эбегейсиз орду бар экенин, аларды социалдык жактан коргоого ар дайым колдоо болоорун белгиледи. Ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселесин чечүүдө президент Шавкат Мирзиёевдин салымы бар экенин айтты.

«Дүйнөдө эң ыйык кесип — Ата Мекенди коргоо. Ошондуктан биздин чек арачыларга өз ыраазычылыгымды билдирем. Анткени сиздер мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздап, ак кызмат өтөп келесиздер.

Ата-бабаларыбыздан калган «Алыскы тууганыңдан кошуна жакын» деген сөз бар. Биз ата-бабаларыбыздын бул сөзүн бекем тутабыз. Биз коңшулар менен ынтымакты жактайбыз. Чек араларды мамлекет ортосундагы достук дарбазага айландырууга аракет жасайбыз. Акыркы мезгилде Өзбекстан менен чек ара маселеси 85% чечилди, өкмөт аралык комиссия иштеп жатат. Тажикстан менен чек ара көйгөйүн чечүү үчүн алга жылуулар бар. Буйруса чек ара маселеси да өз нугунда чечилет. Ал эми мамлекет чек арачыларга ар дайым колдоо көрсөтөт жана кубаттайт», - деди өлкө башчы.

Башкы штабдын башчысы Р.Дүйшөмбиевдин айтымында, заманбап жабдуулар менен да камсыздалды. Чек ара заставаларын жакшыртуу аракети жанданган.

«Евразиялык экономикалык Биримдикке киргенде Россия Федерациясы чек ара заставалары үчүн 48,5 миллион доллар бөлгөн. Бир нече заставалар салынды. Чек араны эффективдүү кайтаруу үчүн ар түрдүү жабдыктар, техникалар алынды. Андан сырткары, чек арачылардын маяналары көбөйдү. 13-15 миң сом маяна алгандар 19-20 миң сом айлык алышууда. Кызмат өтөгөндөргө шарт түзүү үчүн мүмкүнчүлүк жаратылууда», - деди ал.

Маалым болгондой, Шамалды-Сай чек ара заставасынын курулушунун буйрутмачысы РФнын ФГКУ Россия чек ара курулуш ишканасы болуп саналат. Чек арачыларга арналган имаратты «Дельта-Лот» ЖЧКсы курду.

Бул имараттын курулушу былтыркы жылы башталган. Капсула салуу аземине маркум вице-премьер-министр Темир Жумакадыров катышкан. Анда ал чек арачыларга көрүлүп жаткан камкордуктарга токтолуп, каалоо-тилектерин билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×