Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 15.08.2018 14:38 На русском

Сүрөт — Президент Сооронбай Жээнбеков Ноокендеги чек арачылар менен бирге тамактанды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келгени маалымдалган. Анын катышуусу менен Ноокен районуна караштуу Достук айылында Шамалды-Сай чек ара заставасы ачылды.

Анда өлкө башчысы Ата Мекенди коргоодо чек арачылардын эбегейсиз орду бар экенин, аларды социалдык жактан коргоого мамлекеттен ар дайым колдоо болоорун белгиледи. Ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара маселесин чечүүдө өзбек лидер Шавкат Мирзиёевдин салымы бар экенин айтты.

Ачылыштан кийин өлкө башчы аскер кызматкерлеринин түшкү тамактануусуна кошулуп тамактанды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×