Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.08.2018 08:38 На русском

Президенттин жыйынына барганда милиция кармаган аялдар менен аким жолугушту

Turmush -  Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын алкагындагы жыйынга киргизилбей, айып пул салынган жашоочуларга байланышкан маселени жергиликтүү бийлик карады. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, Ноокен райондук мамлекеттик администрациянын башчысы — аким, Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы жана аксакалдар Сакалды айылынын тургундары Б.Ибрагимова, Ж.Мусаева жана М.Абдимиталипова менен жолугушкан. Анын алкагында талкуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жергиликтүү бийликтин билдирүүсүндө: «14-август күнү аталган жарандарга айыл өкмөт тарабынан даярдалган тизмеге кирбегени жана ал жерде орун чектелүү экени райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айтылган. Ошого карабастан жолугушууга барышканы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, түшүнбөстүктөр чечилди», - деп айтылат.

-------------------------------------------------------------------

15-август күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад дубанына жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында облус эли менен жолугушкан. Жолугушууга 5 аял тизмеде жок болгондуктан киргизилген эмес. Мамлекет башчыга жолдогон кайрылууга жооп алуу ниетинде барган 5 аял кире албаганы үчүн кайтып келе жатышканда милиция кызматкерлери кармап, 5 саат бою милиция бөлүмүндө отуруп, алардын ичинен үчөө жоопкерчиликке тартылган. Мындай маалыматты алардын бири Бурулкан Ибрагимова билдирген болчу.

Кийинчерээк өлкө башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева 5 жашоочу менен Ноокендин акими жолуга турганын билдирген.

«Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөсө аларга акчасы кайтарылып берилет. Өткөндө Таласта да жергиликтүү тургун президент менен жолугушууга кире албай калганы кабарланган эле. Ал айымдын арызында акча каражат сураган өтүнүч болгон экен. Президенттин фондунан ага жардам көрсөтүлдү.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги да милиция кызматкерлеринин чечимине карата териштирүү жүргүзөт», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×