Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 17.09.2018 16:47

Пахта терими кызыган Ноокенде дыйкандардын талаа күнү өттү (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн Чоң-Багыш айылында пахта өстүргөн дыйкандардын талаа күнү өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Талаа күнгө 80ден ашуун дыйкандар жана пахта сатып алуучулар келишти.

Жергиликтүү тургун Эргеш Альяровдун айтымында, пахта эккен дыйкандарга маалымат жетишпейт.

«Дыйкандар пахтаны сугарсам эле болду дешет, бирок сугаруу түшүмдүүлүккө таасирин тийгизерин билишпейт. Эл түшүмдү көп алып, чөнтөгүнө пайда болсун деп пахта өстүрүүнүн түрдүү ыкмаларын колдонуп, атайын демо талаалар уюштурулган. Мына аткарылган жумуштардын ийгиликтерин эми даңазалап жатабыз. Пахтаны кыска жана узун жөөктөр аркылуу сугарууда төмөндөгүдөй натыйжаларга ээ болдук: 1 гектар аянттагы пахтаны узун жөөктөр аркылуу сугарсак 4620 куб суу сарпталат экен. Ал эми кыска жөөктөр аркылуу сугарууда 3620 куб суу керектелип, натыйжада 1000 куб суу үнөмдөлүп жатат», - деп билдирди ал.

Жергиликтүү тургун Айчүрөк Зулпиева көп жылдан бери пахта өстүрүп келет. Айрыкча Ноокен районунда пахта көп эгилет, бирок дыйкандар пахтанын үрөнүн ар кайсы жерден алып эгишет.

Кээ биринин түшүмү жакшы болсо, кээ биринде начар болуп, жакшы болбой калат. Быйылкы жылы «Багыш-Ата» пахта заводунун жетекчиси Юсупов Рустам дыйкандардын макулдугу менен Түркиядан алып келген пахтанын «Флеш, ВА 440» элита сортторун 210 сомдон дыйкандарга беришкен.

«Былтыркы жылы дыйкандар пахтанын 1 гектарынан 35 центнер алышса быйыл гектарына 50 центнер алабыз деген үмүттө экенин билдиришти. Учурда пахта талааларында пахта терим кызуу жүрүп жатат. 1 кг пахтанын баасы 5 сомдон терилүүдө. Ал эми пахта заводдо 43 сомдон алынып жатат. Мындан сырткары атайын био пахта өстүргөн дыйкандардын пахтасынын баасы 3-4 сомго кымбат алынып жатат», - деди Р.Халдаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×