Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 13.10.2018 12:51

Ноокенде аялдар киреше алып келүүчү булактарды иштетүүнү үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз үй-бүлөлөрдөн куралган 28 топ, аялдардан түзүлгөн 84 өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрү жергиликтүү ресурстарды пайдаланып, киреше алып келүүчү булактарды иштетүүнү үйрөнүштү.

Райондук администрациянын маалыматына караганда, мындан улам аз камсыз үй-бүлөлөр жашоо деңгээлин жакшыртышып, бул багытта билим-шыктарын өркүндөтүп алышты. Айыл жергесинде киреше алып келүүчү булактарды иштеткен үй-бүлөлөрдүн тизмеси төмөндө:

1. Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл өкмөтүндө 15 адамдан турган «Ак-Эмгек» тобу түзүлгөн. Алар өз ара келишип, топтун мүчөсү Көкө Белекованын үйүнө күнөскана курушкан. Узуну 10 метр, туурасы 4 метрди түзгөн күнөсканада алар бадыраң өстүрүшкөн. Учурда К.Белекова 60 кг бадыраң алып, анын ичинен 25 кг бадыраңды үй шартында консервалап, калганын саткан. Күнүнө ал күнөсканадан 3-5 кг бадыраң терип чыгат, топтун мүчөлөрү дагы бадыраңды тамак-ашка пайдаланышат.

2. Сентябрь айында Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында аз камсыз 10 үй-бүлөлөрдөн атайын топ түзүлүп, алар жыгачтан күнөскана курушкан. Аларга долбоордун алкагында күнөсканага ылайык пленка, тамчылатып сугаруу жабдыктары жана сапаттуу бадыраң үрөнү берилген. Учурда 10 фермердин үйүндө райондук консультант Мурзакулов Роман күнөсканын пленкаларын жаап, тамчылатып сугаруу системасын орнотуп берди жана үрөндү эгишти. Учурда топтун мүчөлөрү түшүм алуу алдында турушат.

3. Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн Достук айылында аз камсыз үй-бүлөлөрдөн «Береке» тобу түзүлгөн. Топтун курамында 16 адам бар. Фермерлерге 5 эчки жана 1 теке берилген. Учурда топтун мүчөсү Юлдашева Манзура эчкисин саап, балдарына берип жатат. Ал күнүнө 2 маал саап, 1-1,5 литр сүт алат.

«Бир короодо 3 үй-бүлө жашайбыз. Эчкини күнүнө 2 жолу саайм, 1-1,5 литрге чейин сүт берет. Эчкиге ар күнү эртең менен жарты нан беремин, андан кийин аркандайм. Кечинде жүгөрү берем. Биздин чөптөргө эми кичине көнүп калышты. Эчкинин сүтү абдан пайдалуу экенин билчүмүн, ошондуктан өзүм абдан кызыгып, балдарыма жайы менен берип келдим. Балдарыма аябай жакты. Келечекте бул эчкини көбөйтүп, сүтүн колдонобуз деген планыбыз бар», - дейт Юлдашева Манзуура.

Ошондой эле, Ноокен районунун Коминтерн айылында сүтүү эчкилерди бага турган аялдардын «Мол-Сүт» тобу түзүлгөн. Топтун мүчөсү Эргешова Турсунай үйүндө эчкинин сүтүн тамак-ашка, дарылыкка пайдаланып жатат. Ал сүт багытындагы эчкини күнүнө 2 маал саап, 2,5-3 литрге жакын сүт алып жатат.

4. Ала-Бука районунун Кашкалак айылында 15 аялдан турган «Жоогазын» тобу түзүлгөн. Фермерлер 0.01 га жерге ылайыктуу «санте» картошка үрөнүн эгишип, мол түшүм алууга жетишти. Алар тийиштүү тренингдерден жана практикалык окуулардан өтүшүп, алган билимдерин практика жүзүндө колдонушкан.

Топтун мүчөсү Турсунбекова Алтынай огородуна картошка эгип, 500 кг түшүм алган, алган түшүмүн сатпастан кийинки жылга уруктук кылууга сактоодо.

«3 жолу суугардык. 3 жолу гүлдөрүн тердик. «Картошканы өстүрүү технологиясы, илдеттери жана зыянкечтерин алдын алуу, экономикалык анализ» темалары боюнча тренингдерден өттүк, окууда эмнени үйрөнсөк, практикада колдонуп келдик. Жакшы түшүм алдык», - дейт А.Турсунбекова.

5. Ноокен районунун Жаңы-Турмуш айылында мөмө-жемиштерди кургатуу боюнча аялдардан турган «Жаштык» тобу түзүлгөн. Топко 15 адам мүчө болгон. Алар долбоор тарабынан 5 күнөстүү шкафтар менен камзылданган. Топтун лидери Мамытова Сүйүнбү өзүнүн багындагы мөмө-жемиштерди, тактап айтканда алча, алма, кайналы, өрүк кургаткан. Кышында неберелерине сок кайнатып, ашканын сатууну пландап жатат.

Долбоор алкагында Ноокен жана Ала-Бука районунда аялдардан турган – 84 өз ара жардамдашуу топтору түзүлүп, алар 12 түрдүү киреше алып келүүчү багыттар менен иштешүүдө. Аларга райондук консультанттар тарабынан тийиштүү тренингдер өтүлүп турат. Бул долбоор «FSDS» (Туруктуу өнүгүүнүн сунуштары) коомдук фондунун колдоосу жана ЖА АКК менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×