Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 16.10.2018 11:53

Ноокенде карыларга камкордук көрсөтүү акциясы уланууда (фото)

Turmush -  Ноокен районунда карыларга камкордук көрсөтүү уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, 15-сентябрдан 15-октябрга чейин жарыяланган «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук» акциясынын алкагында 100 карыяга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сый тамак уюштурулду.

Карыялар райондун бардык айыл аймактарынан чакырылган. Буга чейин жер-жерлерде улгайган карыялардан кабар алып турушкан. Мындан сырткары, ройондук маданият үйү тарабынан концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×