Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 16.10.2018 12:54 На русском

Кыргызстанды сагынып, ооруга чалдыккан аял, үй-жайсыз калган кыргыз киши... Москвада иштеген Акберметтин жашоосу (сүрөт)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — учурда Москва шаарында эмгектенип жаткан 30 жаштагы Акбермет Абдукаримова. Ал Жалал-Абаддагы Ноокен районунун Масы айылынын тургуну. Мекендешибиз чет өлкөдөгү жашоосу тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Акбермет Абдукаримова ОшМУнун теология факультетин аяктаган. Учурда Россия рентгенология илимий изилдөө борборунун ашканасында эмгектенет.

«Окуу жайды бүтүргөндөн кийин ылайыктуу жумуш таппай, эл катары Москвага келгем. Бул жакта жүргөнүмө ушул айда 8 жыл болду. Бул өлкөдөгү адамдар негатив ой-пикирде жашагандай сезилет. Азыр бизге көнүп, жакшы кабыл алып калышты. Өзүм иштеген жердеги дарыгерлер жана бейтаптардын баары Кыргызстанды билишет. Дароо Фрунзе же Ысык-Көлдү сурашат. Шарттар абдан көп, жумуштан кийин атайын курстарга, фитнеске барып, сейилдөөгө чыгам. Күн суук болгону менен имараттар, метро, автобустар жылуу. Эгер каалоо болсо бул державада адам көп нерсеге жетишсе болот. Жумушум жеңил, үч маал келген тамакты бейтаптардын диетасына карап бөлүштүрүп коём», - деди ал.

Акбермет Кыргызстандан Россияга көчүп барган орус улутундагы аялдын тагдырын баяндап берди.

«Ал аял биздин борбордо дарыланды. Өзү Кызыл-Кыя шаарынан болот экен, дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштептир. Уулу менен кызы Россияга көчүп келип, анын батирин сатып, өзүн кыйнап алып келишкен экен. Ал Кыргызстанда жашагысы келерин айтып, өзүн кыргыз деп тааныштырып, токтобой ыйлады. Анын айтымында Кыргызстанды сагынып, көп ойлонуп, депрессия болуп, рак оорусуна чалдыгыптыр. "Москвага келгенде 2 айдай күн издедим, адамдар да кызыктай мамиле жасайт экен. Мекенге болгон сүйүү, сагыныч, кусалыктан ооруга чалдыктым" деди. Башка улуттан болсо да биздин өлкөнү мекеним деп эсептегенин көрүп, абдан таасирлендим. Кыргызстандагы адамдар, аба ырайы, мөмө-жемиштер өзгөчө, башкача экенин айтып, көпкө чейин ыйлады.

Ошондой эле метролордун биринде кыргыз киши арак ичип, үй-жайсыз калганын да айтты. Ал аял аталган адамга акча берип, "кор болбой Кыргызстанга кет" деген экен. Өзү ооруп жатса дагы кыргызга кайгырганы менин жүрөгүмдү оорутту. Ошентип арыз-муңун айтып берип, мекенге болгон сүйүүнү күчөттү», - деди ал.

Мекендешибиз келечектеги пландары менен да бөлүштү.

«Мени бардыгы "Солнышко" деп атап алышкан. Бейтаптарга өзгөчө мамиле кылам. Россиялыктар "кыргыздар кайгырып жатсаңар да күлгөнгө аракет кыласыңар" деп айтып калышат. Күнүнө 40-50 адамга тамак берем. Алар кыйналып, баса албай жатышса да келип, ыраазычылык билдирип, батасын, таттууларды жана башка белектерди беришет. Бул мага күч-кубат, дем берет.

Бош убактымда тренингдерге барып, китеп окуйм. Саякаттаганды жактырам, кайрымдуулук иштер менен алектенем. Кыргызстандагы балдар үйүнө кийим-кечелерди жөнөтүп турабыз. Теле алып баруучу же журналист болсом дейм. Түркчө китепти кыргызчага которуу планым бар. Ал эми максатым — турмуш куруп, балалуу болуп, бактылуу өмүр сүрүү», - деди ал.

Ал 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×