Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 29.10.2018 14:34 На русском

Ноокенде 6-класстын окуучусу пахтага тумчугуп каза болду. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагында 6-класстын окуучусу пахтага тумчугуп каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, окуучу дем алыш күнү ата-энеси менен биргеликте эгин талаада пахта терип жүргөн. Аны чоң энесине чай берүү үчүн үйгө жөнөтүшкөн. Ал үйүнө барып, короосунда үйүлгөн 3 тоннадай пахтанын жанында ойноп жатканда пахта басып калган. Ал чыга албай, тумчугуп каза болгон. Баланын жакындары талаадан кайтып келгенде уулу ак алтындын түбүндө калганын билишкен.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнөн дагы бөөдө кырсык болгонун тастыкташты.

«Окуя Сакалды аймагында болгонун биз да бүгүн тактадык. Бала №12 мектептин окуучусу экен, ал дем алыш күндөрү үйүндө 3 тоннадай пахтанын айланасында ойноп жатып, аны пахта басып калган. Ал түбүндө калып, тумчугуп калган», - деп маалымдалды аталган мекемеден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×