Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 29.10.2018 20:00

Ноокен районунун 90 жылдыгы белгиленди. Бийлик өкүлдөрүнөн кимдер катышты? (фото)

Turmush -  Ноокен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы 28-октябрда райондун борбордук стадионунда кызуу белгиленип, 30га жакын боз үй тигилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Мааракеге вице-премьер-министр Замир Аскаров, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Т.Мамытов, Б.Сыдыков, айыл чарба жана мелиорация министри Н.Мурашев, район акими Эркин Маматаев жана район-шаарлардын башчылары катышты. Аземдин расмий бөлүгүн район акими ачып, 1928-жылы түптөлгөн район өзүнүн 90 жылдык тарыхында басып өткөн окуяларды эскерди. Ошондой эле кыргыздын биринчи генералы Эргеш Алиев сыяктуу атактуу инсандардын эмгегин белгиледи.

«Өткөн 90 жылда районубуздун калкы кыргыз эли эмнени көрсө ошонун баарын башынан кечирип, жашап келди. Октябрь төңкөрүшүн, Кеңеш бийлигин, коллективдештирүүнү, жаңы беш жылдыктарды, Улуу Ата Мекендик согушту, согуштан кийинки калыбына келтирүү жылдарын, кайра куруу мезгилин кучагына алган советтик түзүлүш кыйрап, Кыргызстан өз алдынча, эркин, эгемендүү мамлекетке айланганга чейинки бардык баскычтарды оор күндөр, татаал турмуш, жаңы дем-күч, өсүп-өнүгүү менен басып өтүштү.

Ноокен районун уюштурууга, көчмөн элди отурукташтырууга коллективдүү чарбага өткөрүүгө, элдин сабатсыздыгын жоюуга жана материалдык, маданий деңгээлин жогорулатууга биздин ата-бабаларыбыздын бүтүндөй өмүрү, ак эмгеги арналды.

Колхоздоштурууга каршы чыккан басмачылар менен күрөшүүдө өзгөчө эрдик көрсөткөн Алиев Эргеш, Маткалыков Рахманжан, Сарыков Айдар, Токталиев Мурат, Тойчукулов Сабыралы, Тажиматов Бакир жана башка атактуу аталарыбыздын ысымдарын атап кетүү парз деп ойлойм.

1934-жылдарда жетектеген саясий жана коомдук ишмер, кийин Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагалыгына чейин көтөрүлгөн Молдогазы Токобаев, 1951-1957-жылдарда жетектеген Социалисттик эмгектин баатырлары Кадырмат Султанов, Кушназар Юнусалиев, 1971-78-жылдарда жетектеген Маматказы Эргашев, Кулназар Ташиев, Кадыркул Абдразаков, Абдулла Акпаралиев сыяктуу Кыргызстандын чыгаан уулдарынын сиңирген эмгектери эч качан унутулбайт. Аялдардан райкомдун секретары болуп иштеген Кимсан Маматова, Бүбүна Бокоева, Светлана Сыдыкова жана Тажикан Самидинованын эмгектери элибиздин эсинде.

Райондон айыл чарбасын жана өнөр жайын өнүктүрүүдөгү каарман эмгектери үчүн 14 адамга Социалисттик эмгектин баатыры деген ардактуу наам берилген», - деп белгиледи район акими.

Ошондой эле ал эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин «Кыргыз Эл Баатыры» наамына маркум Дооронбек Садырбаев ээ болгонун белгиледи. Андан сырткары да райондон чыккан бир катар ишмерлерди, азыркы аткаминерлердин ысымдарын атады. Райондун туризм тармагында өнүгүүчү жайларын да атап өттү.

Региондорду өнүктүрүү жылында да бир катар жылыштар бар. Райондун 90 жылдык урматына карата 90 иш-чара кабыл алынып, алардын дээрлиги аткарылган.

Коомдук ишмер Үсөн Сыдыков район эли жетекчинин үстүнөн тоголок кат жазбаган, өз жашоосу менен алек болгон дыйканчыл эл экендигин баса белгиледи.

Ввице-премьер-министр Замир Аскаров район ак алтын жыйнаган, мээнеткеч эл экенин айтып, өкмөт башчынын куттуктоосун элге жеткирди. Ыйгарымдуу өкүл да жер иштетүүчү район калкынын мээнеткечтиги талашсыз экенин айтып, 90 жылдык тарыхты камтуу деле оңой турбасын айтты.

Райондун өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон бир катар кызматкерлер акимдин, ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн сый баракчаларына ээ болушту. Андан соң райондун тарыхы сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Райондун 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө 700 миң сом жумшалды, бирок бюджеттен эч кандай тыйын сарпталган жок. Негизинен элдин салымы менен уюштурулду. Райондун ишкерлери, райондон чыккан белгилүү инсандар, карапайым калк колдоп берген. Ал эми бул мааракеге карата уюштурулган марафонго түшкөн каражат социалдык объектилерге жумшалууда.

Мындан тышкары спорттук жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Жыйынтыгында көк бөрү мелдешинде 3-орунду Ноокен айыл өкмөтүнүн командасы ээлеп, 15 миң сом менен сыйланды. 2-орунга Шайдан айыл өкмөтүнүн командасы ээ болуп, 20 миң сом, 1-орунду Масы айыл өкмөтүнүн командасы ээлеп, 20 миң жана 1 тай менен сыйланды.

Волейбол боюнча мелдеште 4-орунду Ноокен РИИБдин кызматкерлери ээлеп, 4 миң сом, 3-орунду Кочкор-Атанын командасы ээлеп, 5 миң сом менен сыйланышты. 2-орунга Шайдан айыл өкмөтүнүн командасы татыктуу болуп, 9 миң сом жана 1-орунду ээлеген Ноокен айыл өкмөтүнүн командасы 12 миң сом менен сыйланды.

Кичи футбол боюнча 4-орунду Момбеков айыл өкмөтү ээлеп, 5 миң сом, 3-орунду Кочкор-Ата шаары ээлеп, 10 миң сом менен сыйланды. 2-орунга Достук айыл өкмөтү татып, 13 миң сом, 1-орунду кен казган компания ээлеп, 17 миң сом алды.

Алыш күрөшү боюнча 80 кг салмактагы балбандар арасындагы мелдеште 1-орунду Кочкор-Ата шаарынын тургуну Сагыналы уулу Кубаныч ээлеп, 10 миң сом менен сыйланды. 2-орунду дагы Кочкор-Ата шаарынын тургуну Алимжанов Султан алып, 7 миң сом менен, ал эми 3-орунду ээлеген Момбеков айыл өкмөтүнүн тургуну Туратбеков Эрболот 5 миң сом менен сыйланды. 80 килограмм салмактан жогорку балбандар арасындагы мелдеште 1-орунду Ноокен айыл өкмөтүнүн тургуну Ахмадалы уулу Кадыралы ээлеп, 10 миң сом менен сыйланды. 2-орунду Кочкор-Ата шаарынын тургуну Арстанбай уулу Эламан ээлеп, 7 миң сом жана 3-орунду ээлеген Кочкор-Ата шаарынын тургуну Торобеков Акыл 5 миң сом менен сыйланды.

Боз үйлөрдүн сынагы боюнча 4-орунду Момбеков айыл өкмөтү, Ноокен аймактык ооруканасы, Ноокен медицина борбору жана Тиш дарылоо бейтапканасы ээлеп, 3 миң сом менен сыйланды. 3-орунду Кочкор-Ата шаарынын мэриясы ээлеп, 5 миң сом менен сыйланды. 2-орунду ээлеген Суу чарба башкармалыгы 10 миң сом жана 1-орунду багындырган Достук айыл өкмөтү 15 миң сом менен сыйланды. Байгелер демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×