Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 31.10.2018 19:07 На русском

Ноокендеги тропик: С.Закировдун экзотикалык өсүмдүктөргө толгон күнөсканасы (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун тургуну Салижан Закиров тропикалык өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алектенет. Аймактык кабарчы багбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2010-жылы банандын 1 түп көчөтүн алып келген. Аны отургузгандан кийин кышкысын үйүнө, жайкысын эшикке алып чыгып баккан. Кээде куурап калган учуру да болгон. Бирок түбүнөн кайрадан чыгып, өсүп баштаган. Ал атайын банан үчүн жерди ылайыктап казып, күнөскана да курду.

«Биздин күнөсканада учурда банандын 3 түрү өсөт. Алар супер карлик, жарым карлик, киев бананы деп аталат. Мындан тышкары лимон, мандарин, апельсин, араб курмасы, фундук, папайя, киви, анар, ананастын эки түрүн өстүрүп жатабыз. Бул өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү быйыл жылдагыга салыштырмалуу жакшы болду.

Бананды күнөсканага отургузганбыз. Банан мөмө байлап жатканына бир топ жыл болду. Ал сентябрь айынын башында мөмө байлайт. 1 түп бананда азырынча 100гө жакын мөмө бар экенин эсептеп чыктык. Эми бананды бышыруу керек. Ал үчүн күнөскананы пленка менен жаап, суук түшөөрү менен мешке от жагабыз. Ушунча мээнетти текке кетирбей, түшүм алууну пландап жатабыз»,- дейт С.Закиров.

Ал мындан тышкары короосунда гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×