Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.03.2019 15:07

Айыл турмушу: Ноокендик А.Кожоматов дыйканчылыктын сырын билет (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Достук айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну Асилбек Кожоматов көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Элеттик дыйкан менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Өзүнүн айтымында, жаз мезгилинин алдында бадыраң, помидор жана болгар калемпиринин үрөндөрүн үй шартында өндүрүп, эми аларды талаага эгип жатат.

«Дыйканчылык менен алектенгениме 10 жылга жакындап калды. Бизде болгар калемпирин өндүрүү үчүн декабрь, январь айынан баштап жумуш башталат. Бадыраңдын үрөнүн талаага эгүү үчүн ал 20-25 күндө жетилет. Помидор болсо 55-60 күн аралыгында, ал эми болгар калемпири 70-80 күн аралыгында даяр болот.

Учурда тигип баштадык. Биздин аймак коон, дарбыз, жашылча-жемиштерди өстүрүүгө ыңгайлуу. Учурда бадыраңды тигип койдук, биринчи түшүмдү жыйнап бүткөндөн кийин экинчи ирет урук себүүгө болот. Акыркы 10 жылдан бери дыйканчылыктын сырын билип калдык», - деди А.Кожоматов.

Анын айтымында, жалпы 80 сотых аянтка дыйканчылык кылат.

«Үрөн жакшы өсүп чыгып, мол түшүм бериши үчүн баары кленка алдында өстүрүлөт. Буга чейин кол менен жаап иштетчүбүз, эми техниканын жардамы болуп, ишибиз жеңилдеп калды», - деди дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×