Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 06.04.2019 16:19

Ноокенде элеттик ишкер аялдар футболдон мелдешти (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунда Сакалды айыл аймагынын Аримжан жана Чоң-Багыш айылдарында түзүлгөн өз ара жардамдашуу топтору көргөзмө-жармаңке жана спорттук таймаш уюштурушту.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын директору Сыргабек Жойболотов, облустук эксперт Надырбек Качкынбаев, программанын координатору Каныкей Тунсунбаева, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Айыл жериндеги айымдар өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн, жасаган буюмдарын көргөзмөгө алып чыгышты.

Андан сырткары, топтогу аялдардан түзүлгөн командалар арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңип чыккан командалар кубок, диплом жана башка белектер менен сыйланышты.

Иш-чара «Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» программасынын алкагында БУУнун Кыргызстандагы аялдар түзүмүнүн колдоосу менен Жалал-Абад регионалдык айылдык консультациялык кызматы менен биргеликте өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×