Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 08.04.2019 14:33 Жаңыланды: 03.05.2019 21:02

Айыл турмушу: Орусияда иштеген Э.Камчиев айылында кирешелүү чарба түптөдү (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Бирлик айылынын 35 жаштагы тургуну Элдияр Камчиев эт багытындагы букаларды, сүт багытындагы уйларды багып киреше табууда. Фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, фермердик чарбасын түптөгөндө 14 уй болсо, учурда алардын саны 65 башка жетти.

«Бала кезимден бери мал-жандыкка жакын болуп өстүм. Чоң атам менен чоң энем өзүбүздүн малга элдикин кошуп, жайлоого алып чыкчу. Ал кезде мен чоң атама мал кайтарышып жүрүп, балалыгым жайлоодо өттү. Кийинчерээк мектепти аяктаган соң Россияга иштегени кеттим. Кийин үйлөнүп, турак жай куруу максатында келинчегим экөөбүз кайрадан Россияга кеттик. 2011-жылы топтогон акчама мал кармоочу сарай куруп, чоң атамдын жолун жолдоо максатында мал-жандык багып калдым. Алгач 15 баш уй менен жайлоого чыктым. Ошондон бери мал-жандык багуу менен каражат таап келем», - дейт ал.

Э.Камчиев мал чарбачылыктан тышкары дыйканчылык менен дагы алектенет.

«Учурда швед породасындагы букаларга өзүбүздүн жергиликтүү сүт багытындагы уйларды кошуп, өзгөчө пародадагы торпокторду алып жатам. Азыркы тапта 70ке жакын уй бар, эми алардын санына эмес, сапатына көңүл буруудамын. Тоют даярдоо иши дагы көп убакытты талап кылат экен. Ошол себептен 11 гектар жерге беде, жүгөрү, пахта, буудай жана шаалы эгем. Ошентсе да айрым учурда тоют жетпей калат. Буйруса быйыл аянтты кеңейтүүнү пландап жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×